Астана, 2026-жылдын 16-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Акордодо Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында Digital Qazaqstan долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Мамлекет башчысы жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды жашоонун бардык тармактарына киргизүү боюнча максаттарды койду.

Токаев жагымдуу институционалдык, укуктук жана бизнес чөйрөсүн түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал Казакстанда санариптик кодекс кабыл алынганын жана жасалма интеллект жөнүндө мыйзам күчүнө киргенин эске салды.
«Бирок, бул ири масштабдуу долбоордун башталышы гана жана биз муну менен токтоп калбашыбыз керек. Дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн темпи өтө тез. Илим, билим берүү жана технология өзгөчө темп менен өнүгүп жатат. Ошондуктан, ченемдик документтерди да өз убагында жаңыртып туруу керек», – деди президент.
Анын айтымында, ар бир жаранга түшүнүктүү болгон "Санариптик мамлекет" концепциясын иштеп чыгуу зарыл. "Санариптик Казакстан" стратегиясы жарандардын жана бизнестин реалдуу муктаждыктарын эске алышы керек.
Жыйында билим берүү министри ведомствонун системалуу чаралары: билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү процессин өркүндөтүү жана мугалимдерди колдоо боюнча демилгелер тууралуу маалымат берди.
Сүрөт : Акорда
