Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Түндүк» тутумунун жетишкендиктери жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымдайт.
Сандар: 3+ миллиард маалымат алмашуусу — мамлекеттик органдар менен жеке сектор арасындагы 3 006 846 764 маалымат алмашылды! Бул – кагаз иштерин жоюуга жана кызмат көрсөтүү процессин тездетүүгө жардам берет.
“Түндүк” тутумунда 1343 кызмат жана 311 катышуучу болду.
2024-жылы “Түндүк” порталында жана мобилдик тиркемесинде 11 миллион онлайн-кызмат көрсөтүлдү, колдонуучулардын саны 1,7 миллионго жетти. Санариптик документтер — дайыма колуңузда .
«Tunduk» тиркемесинде 9 санариптик документ бар, алардын арасында паспорт, айдоочулук күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк ж.б.
2024-жылы кошулган санариптик документтер:
Бул документтер кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана мамлекеттик органдарда, ошондой эле жеке сектордо колдонууга болот.
2024-жылы “Түндүк” порталында 14 жаңы кызмат киргизилди. Алардын ичинде:
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик кызматтарды алуу процессин жеңилдетүү жана санариптештирүүнү өнүктүрүү иштерин улантууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/