Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ мамилелеринин айрым актуалдуу маселелери, 2025-жылга карата аларды ишке ашыруу жана өнүктүрүүнүн пландары сүйлөшүлдү.
Анда Бакыт Төрөбаев өзгөчө айыл чарба тармагында кызматташууну мындан ары дагы жогорулатууга көңүл бурду. Маселен суу ресурстары, асыл тукум мал чарбачылыгы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо, экспорт, адистерди окутуу, тажрыйба алмашуу тармактарында тыгыз кызматташунун мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүгө чакырды.
Өз кезегинде Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер британ бийлиги кыргыз тарап менен түрдүү тамактарда кызматташууга даярдыгын, өзгөчө энергиянын кайра жаралуу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/