Узун-Кыр айыл өкмөтүнө 1 миллион 400 миң сомго жер тилкеси кайтарылып берилген – ИА Караван Инфо
Узун-Кыр айыл өкмөтүнө 1 миллион 400 миң сомго жер тилкеси кайтарылып берилген

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгы жана ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн (азыркы Узун-Кыр айыл өкмөтү) аймагында жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине өттү.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери стадиондун жер тилкеси жеке колго берилип жатат деген маалымат алышкан. Ыкчам иликтөө иштери дароо башталып, натыйжада эч кандай  тиешелүү кагаздар болгон эмес.

Расмий  маалыматтарга ылайык, архивде кандайдыр бир долбоордук-уруксат берүүчү документтер жок болуп, бирок мурунку жылдагы долбоорго ылайык муниципалдык менчик катары белгиленген.

Ошондой эле кээ бир маалыматта аталган жер “спорт стадиону” делинип, бирок, айыл өкмөтү аларда  жер участогуна тийиштүү документтер жок деп жооп беришкен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 4041 кв. м. идентификациялык код ыйгарылгандыгы аныкталып,  “спорт стадиону” жеке менчикке берилип кетиши мүмкүн болгон.

Изилденип жаткан жер тилкеси мыйзамдарды бузуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өз убагында катталбагандыгын жана муниципалдык менчикке таандык экендигин эске алып тиешелүү чараларды көрүү максатында ИИМдин Тергөө кызматы айыл өкмөтүнө укук бузууга себеп болгон жагдайларды четтетүү жөнүндө токтом жиберилген.

Азыркы учурда баланстык наркы бир миллион төрт жүз миң сомду түзгөн жер тилкесине тиешелүү кагаздары каралып, аталган жер тилкеси Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып берилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: