ВДНХда асма жол ачылды – ИА Караван Инфо
ВДНХда асма жол ачылды

Асма жол Москвадагы ВДНХда «Орион» аттракционунун бир бөлүгү катары иштей баштады.

Бул сезондук аттракцион “Аба трамвай” деп аталат. Ал көңүл ачуу мүмкүнчүлүктөрүн гана сунуш кылбастан, логистикалык функцияны да аткарат. Асма унаада орточо жүрүү убактысы 6 мүнөттү түзөт жана аны бир саатта 1000ге чейин адам колдоно алат.

Кошумчалай кетсек, бул дүйнө жүзү боюнча оюн-зоок парктарындагы эң бийик курулуштардын бири экенин белгилей кетүү керек – кабиналар 32 метр бийиктикке чейин көтөрүлөт. Ошондой эле, ВДНХдагы асма жол Москвадагы эң узун, анын узундугу 769 метр.

Асма жолдун жүргүнчүлөрдү   отургузуу жана түшүрүү үчүн эки станциясы бар. «Түштүк» станциясы ВДНХнын башкы кире беришинде, ал эми «Түндүк» станциясы «Беларусь Республикасы» павильонуна жана «Таш гүл» фонтанына жакын жайгашкан.

Фото: Пресс-служба ВДНХ

error: