Владикавказдагы жарылуу болгон жерде куткаруу иштери аяктады
МОСКВА, 2026-жылдын 12-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Владикавказдагы пиротехникалык кампадагы жарылууну тазалоо иштерин аякташты. Өрт 750 чарчы метр аянтты каптаган. Окуя 10-апрелде болуп, эки адам каза болуп, 15 адам жаракат алган.

Кылмыш ишинин алкагында имараттын ээси жана пиротехникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүүнүн уюштуруучулары кармалды.
Иш коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү жана сактоо беренеси боюнча козголгон.
Фото: Ганжеви Гаджибалаев /ТАСС
