Орусиянын президенти Владимир Путин 27-28-ноябрда мамлекеттик сапар менен Казакстан Республикасына барат. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөр негизги окуя болмокчу. Талкуунун негизги темасы эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүү келечеги, ошондой эле ЖККУ, КМШ жана БРИКС алкагындагы өз ара аракеттешүү болот. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары биргелешкен билдирүүгө жана бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюшат.

Лидерлер ошондой эле Уфада өтө турган Орусия менен Казакстандын аймактар аралык кызматташтык х Форумунун катышуучуларына видео байланыш аркылуу кайрылышат.

Мындан тышкары Владимир Путин Астанада ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат, анда жыл ичиндеги кызматташтыктын жыйынтыктары чыгарылып, Жамааттык коопсуздук системасын мындан ары өнүктүрүүнүн багыттары аныкталат. Негизги эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылган.
Сүрөт: ачык булактардан