Ыр, бий, таттуу белектер. Жалал-Абадда балдар үчүн балаты майрамы өттү
Жалал-Абад облустук Барпы драма театрында 27-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышып, балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
Белгилей кетсек, бул жылы ыйгарым укуктуу өкүлдүн резевдик фондунан бөлүнгөн акча каражатына жалпы 150 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/