Ысык-Көл күйүүчү май сатуучу жайлардын өрт коопсуздугу каралууда
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы Өрттү көзөмөлдөө кызматынын адистери менен бирге облус аймагындагы өрт коркунучу жогору болгон объектилерде кароо жүргүзүүдө.
Адистер Балыкчы шаарындагы “Bishkek petroleum”, “Mega petroleum” жана “Джунда” күйүүчү май сатуучу түйүндөрүндө өрт коопсуздугунун алдын алуу жана эрежелердин сакталышын текшеришти. Май сатуучу жайлардын жумушчуларына өрт кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөө, кырсык катталган учурда алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу боюнча нускамалар өткөрүлдү.
Жалпы облус боюнча улантылып жаткандай мындай иш-чаралар өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын санын азайтууга багытталат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/