Ысык-Көлдө реактивдүү суу транспортка чектөө киргизилди – ИА Караван Инфо
Ысык-Көлдө реактивдүү суу транспортка чектөө киргизилди

Бүгүн, 25-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. 

Сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл)-ички күйүүнүн туруктуу кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты жана демилгечилердин бири Марлен Маматалиев мыйзам долбооруна карата берилген сунуштардын негизинде эки тактуу гана скутерлерге тыюу салуу каралууда. 

Талкууда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен эки жана төрт тактуу скутерлерди көзөмөлдөө багытындагы маселелерди белгиледи. Депутат Камила Талиева скутерлерди пайдаланган ишкерлердин кабатырлануусун айтып, таптакыр тыюу салбоо маселелерине көңүл бурду. Ал эми депутат Сеидбек Атамбаев көл аймагында эс алгандардын коопсуздугун камсыздоо максатында өзүнчө аймак уюштуруу сунушун айтты. Марлен Маматалиев жогорудагы суу транспортторун колдонуу боюнча өзүнчө аймак (техникалык зона) уюштуруу каралып жатканын билдирди. Ошондой эле ал бул эрежелер жана колдонуу жобосу мыйзамдын кабыл алынышы менен Министр кабинетинин тескемеси менен бекитилет деп кошумчалады.

“Уруксат берилген аймак туристтер эс алган жээктерде жана пляждарда болбойт, өзүнчө тосмо аркылуу бөлүнүп, 100 же 500 метр аралыкта болуусу каралат”, – деди ал.

Депутат Айжигит Тыналиев экологиялык-туристтик милициянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесине токтолду. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: