Ысык-Көлдө сига-лудога балыгынын уругун алуу иштери аяктады – ИА Караван Инфо
Ысык-Көлдө сига-лудога балыгынын уругун алуу иштери аяктады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда сига-лудога балыгынын уругун алуу иштери аяктады.

Жалпысынан 12 миллион урук алынып, анын ичинде “Тоң мамлекеттик балык чарба” ишканасы – 9 миллион урук алууга жетишти.

Ал эми Түп районундагы “Ысык -Көл плюс балык өстүрүүчү айыл чарба” кооперативи – 3 миллоин урук алды. Алынган балыктын жумурткасы инкубациялык цехтерде инкубациялоо үчүн аппараттарга салынды.

Белгилей кетсек, сига-лудога балыгы 2-3 жылда чоңоюп, салмагы 4 килограммга чейин жетет. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: