2022-2024-жылдары жалпы суммасы 36 миллион долларды түзгөн 19 долбоор жактырылганын Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев Ысык-Көлдө өткөн инвестициялык кеңештин биринчи жыйынында билдирди.
.
Анын айтымында, фонддун ишмердүүлүгүнүн аркасында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 38 миллион долларга өсүп, 2,5 миң жумушчу орун түзүлгөн.
Негизги долбоорлордун арасында:
– Кара-Балтадагы синтетикалык кездеме чыгаруучу завод (6 млн. доллар),
– жергиликтүү фабрика үчүн жип сатып алуу ($11 млн),
– тигүү фабрикасы үчүн кездеме сатып алуу (8 млн доллар),
– чакан ГЭСти куруу (7,6 млн. доллар),
– автопаркты модернизациялоо үчүн жабдууларды лизингге берүү (3 млн. доллар).
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык базасы 12,5 миллион доллардан ашык суммага модернизацияланды, анын ичинде автобустарды, таштандыларды ташуучу унааларды, муниципалдык жана атайын техникаларды сатып алуу.
Сүрөт: коллаж