Өзбекстанда IT-паркта жаңы жасалма интеллект борборун ачуу, ошондой эле стартаптарды колдоо боюнча венчурдук фонд түзүү пландалууда. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-августта Нукус шаарында ишкерлер менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, жасалма интеллект тармагындагы долбоорлорду каржылоого 50 миллион доллар бөлүнөт. Бул каражаттар бул жаатта жаңы технологияларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө жумшалат.
Мындан тышкары стартаптарды колдоо үчүн 10 миллион долларлык венчурдук фонд түзүлөт. Быйыл стартаптар 134 миллион доллар инвестиция тартып, 50дөн ашык жергиликтүү компаниялар түзүлүп, алар нөлдөн баштап, жүгүртүүсүн 10 миллион доллардан ашты.
Өкмөт ошондой эле стартаптарга кошумча колдоо көрсөтөт. Сырттан алынган ар бир доллар үчүн өкмөт дагы бир доллар берет. Стартап иштеп чыгууларды патенттөө жана товардык белгилерди каттоого кеткен чыгымдар толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылат.
Кызмат көрсөтүүлөрдү локалдаштыруу стратегиясынын алкагында Германия, Япония, Түштүк Корея, Кытай жана Түркиянын өндүрүш ишканаларына квалификациясын жогорулатуу үчүн 3000 адисти жөнөтүү пландаштырылууда. Бул программа жергиликтүү ишканалардын компетенцияларын өнүктүрүүгө жана ири компаниялардын сервистик тейлөөсүнө катышуусун кеңейтүүгө багытталган. Ошондой эле адистерди даярдоого кеткен чыгымдарды мамлекет өзүнө алат.
Шавкат Мирзиёев товарларды гана эмес, кызмат көрсөтүүлөрдү да локалдаштыруу үчүн чоң потенциал бар экенин баса белгиледи. Анын ичинде энергетика тармагында 27 ГВт электр станцияларын куруу боюнча 36 миллиард долларлык долбоорлор ишке ашырылууда. Жогорку технологиялык жабдууларды эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча квалификациялуу кызматтарга суроо-талап өсүүдө жана мамлекет бул суроо-талапты жергиликтүү адистер жана компаниялар аркылуу канааттандырууга умтулууда.
Сүрөт: Pixabay.com/Mediamodifier