Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-августта Түштүк Кореядан алты ылдам жүрүүчү Hyundai Rotem электр поездин сатып алуу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесинин (ТЭС) параметрлерин бекитти. Долбоор жарым-жартылай Кореянын Эксим банкы тарабынан каржыланат, ал 10 жылдык жеңилдикти кошкондо 40 жылга 185,18 миллион евро насыя берет.
Долбоор 2024-2030-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Жаңы поезддер жылына 1 миллион 310 миң жүргүнчүнү ташый алат деп күтүлүүдө, ал эми долбоордун өзүн актоо мөөнөтү 25,1 жылды түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу жана кредиттин максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн эки аткаруу органы дайындалды: «Өзбекстан темир жолдору» жана «Темирюлэкспресс». Карызды жана насыянын пайызын төлөө “Темирюлэкспресс” компаниясына жүктөлөт. Улуттук банк кореялык банктар менен кредиттик эсептешүүлөр жана келишимдерди түзүү боюнча каржы агенти катары иш алып барат. Экономика жана каржы министри Жамшид Кучкаров да насыяларды берүү боюнча келишим түзө алат.
Ташкент – Хива багытында Hyundai Rotem поезддерин колдонуу пландалууда. Ар бир поезд 7 вагондон турат, 351 жүргүнчүгө ылайыкталган жана ылдамдыгы 250 км/саатка чейин жетет. Жогорку ылдамдыктагы байланыш ишке киргенден кийин Ташкенттен Хивага чейин жол жүрүү убактысы эки эсеге (учурда 13 сааттан ашык) кыскарары күтүлүүдө.
Ошондой эле долбоордун алкагында 2024-жылдын аягына чейин Бухара – Ургенч – Хива жана 2026-жылдын аягына чейин Мискин – Нукус темир жол тилкелерин электрлештирүү пландалууда.
Сүрөт: Pixabay.com