Статистика агенттигинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2024-жылдын январь-июль айларында 36,8 миллиард долларды түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 миллиард долларга (же 5,3 пайызга) көп. Соода көрсөткүчтөрүнүн жалпы өсүшүнө карабастан, өлкөнүн экспорту 1,1% азайып, 14,79 млрд АКШ долларына, ал эми импорт 10,1%га өсүп, 22,05 млрд АКШ долларына жетти. Натыйжада Өзбекстандын тышкы соода балансы терс болуп, -7,26 млрд АКШ долларын түздү.
Учурда Өзбекстан дүйнөнүн 187 өлкөсү менен соода жүргүзөт. Тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (18,6%), Россия (18,5%), Казакстан (6,2%), Түркия (4,6%) жана Түштүк Корея (3,2%) менен катталган. Өлкөнүн аймактары арасында тышкы сооданын жалпы көлөмүнүн 39,9%ын (14,7 млрд. АКШ доллары) түзгөн Ташкент лидер болуп саналат, ал эми эң аз үлүшү Сурхандарья облусунда – болгону 0,6% (239,2 млн. АКШ доллары) катталган.
Сүрөт: Pixabay.com/ echosystem