Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Үй-бүлө кодексине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга)” мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Шакиев, Аманкан Кенжебаев.
Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, депутат Мирлан Самыйкожо сунуштады. Ал белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Мыйзам долбоорунда фамилияларды жана атасынын аттарын жазуунун төмөнкү варианттарын кошуу сунушталат:
– чоң атасынын аты боюнча жазылганда чоң атасынын атына мүчө уланбастан ата-энесинин каалоосу менен атасынын атынан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз жазылат;
– чоң атасынын атына “теги” деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, ата-энесинин каалоосу менен атасынын атынан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз жазылат;
– чоң атасынын атына “теги” деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, ата-энесинин каалоосу менен эркек жынысындагы балдар үчүн илик жөндөмөсүнүн мүчөсү (дын/тын, дин/тин, дүн/түн ж.б.) жана аял жынысындагы балдар үчүн чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (дан/тан, ден/тен, дөн/төн ж.б.) атасынын атына уланып чогуу жазылат;”.
Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоору фамилия жана атасынын атын жазуунун азыркы вариантын жокко чыгарбай, фамилиясын жана атасынын атын жазууну тандоого кошумча мүмкүнчүлүк гана берерин баса белгиледи. Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/