ЖКнын жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти – ИА Караван Инфо
ЖКнын жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 18-декабрда президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.

Ант бергендер:

— Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев;

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев;

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;

– Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков;

– Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров;

– Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;

– Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: