Бүгүн, 5-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Күндөлүк операциялар [жеңилдетилген шарттарда]) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон – Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон – Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин тѳрагасы.
Мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев тааныштырды.
Мыйзам долбоору Ысык-Көл айланма автожолунун узундугу 75,2 км түзгөн Барскоон-Каракол участогун реконструкциялоого, өлкөнүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган. Жалпы каржылоо 137,04 миллион АКШ долларын түзөт, анын ичинен кредит – 87 миллион АКШ доллары, грант – 22,5 миллион АКШ доллары, Министрлер кабинетинен кошо каржылоосу – 27,54 миллион АКШ доллары. Кредиттин мөөнөтү 32 жыл, жеңилдетилген мезгил – 8 жыл. Жеңилдетилген мезгилдеги пайыздык чен – 1%, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин пайыздык чен – 1,5%.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/