Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргызстандын Эл аралык университетинин студенттери үчүн экскурсия өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – жаштардын сот тутумунун иши тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана сотторго болгон ишенимди бекемдөө.
Экскурсияга 100гө жакын студент катышты. Программанын алкагында алар сот имаратынын тарыхы, иш процессинин өзгөчөлүктөрү менен таанышып, сот отурумдары өтүүчү залдарды көрүп чыгышты.
Жогорку соттун Пленумунун катчысы, судья Турсунгүл Чаргынова катышуучуларга сот системасынын түзүмү, мыйзамды сактоонун мааниси жана судьянын коомдогу орду тууралуу айтып берди. Лекциядан кийин студенттер өз суроолорун берип, улуттук мыйзамдардын жоболору боюнча кеңири маалымат алышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/