Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 104 200 м тор чыгарылды – ИА Караван Инфо
Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 104 200 м тор чыгарылды

Үстүбүздөгү жылдын 14-15-16-декабрь күндөрү ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн Түп районуна караган Күрмөнтү, Кутурга жана Кичи-Өрүктү айылдарынын аралыгында балык уулоочу торлордон тазалоо иштерин жүргүздү.

Аба ырайынын туруксуздугуна жана суукка карабай тазалоо иштерин тынымсыз улантып жаткан суучулдар 3 күндүн ичинде 6 800 га жакын жерди тазалашып, 5800 метр тор чыгарышкан.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери ушул күнгө чейин көлдүн жалпы 401 152,6 гектар жери тазаланып, 104 200 метр балык уулоочу торлордон арылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: