Табигый монополияларды жөнгө салуу комитети жеке жылуулук эсептегичтери жок казакстандыктар үчүн жылуулук менен камсыздоо кызматынын баасын кайра эсептөөнү аяктады. Демек, өткөн жылытуу мезгилинде жарандар жылуулук үчүн ашыкча төлөп келишкен, эми акчанын бир бөлүгү аларга кайтарылып берилет.
Кайра эсептөөнүн жалпы суммасы 768 миллион теңгеден ашты. Төлөмдөрдү кайтаруу керектөөчүлөрдүн жеке эсебинде жаңы жылытуу мезгилинде же үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аванс түрүндө чагылдырылат. Мындай кайра эсептөө жыл сайын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт жана сырттагы иш жүзүндөгү температурага жараша болот.
Эң көп кайра эсептөө Чыгыш Казакстан облусуна, эң азы Түркстан облусуна туура келет. Белгилей кетсек, Улуутау жана Караганды облустарындагы керектөөчүлөр үчүн атайын төлөм тартиби колдонулат.
Жылуулук энергиясын жеке эсептегичтерди орнотуу ашыкча төлөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, иш жүзүндө керектелген жылуулук үчүн гана төлөөгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө Казакстанда көп кабаттуу үйлөрдү эсепке алуу приборлору менен жабдуу деңгээли 75%га жакынды түзөт.
Сүрөттө: Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлиги