Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети “ Борбордук Азия заманбап эл аралык мамилелерде: глобалдык тенденцияларды талдоодогу жаңы ыкмалар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүүдө.
Иш-чара 2024-жылдын 19-апрелинде өтүп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналат.
Конференция төмөнкү илимий багыттарды камтыйт:
1. Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунан Кыргыз Республикасына өтүүнүн тарыхы жана азыркы учуру.
2. Борбордук Азия чөлкөмүндөгү интеграциялык процесстер.
3. Дүйнөнүн азыркы геосаясий картасында Борбордук Азиянын орду.
4. Борбордук Азияда ар кандай деңгээлдеги коопсуздукту камсыздоо көйгөйлөрү.
5. Аймактагы энергетика, суу ресурстары, экология жана миграциялык процесстердин көйгөйлөрүн чечүүдөгү илимий ыкмалар.
Конференцияга окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспиранттар жана абитуриенттер, мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын эксперттери катышат.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча материалдарды «Орусиянын илимий цитаталар индекси» (РИНЦ) индекстелген «Вестник КНУ» илимий журналынын атайын чыгарылышында жарыялоо пландаштырылууда.
Конференция жеке жана онлайн катышууну камтыйт, бул бардык кызыккан адистердин катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.