Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өттү — ИА Караван Инфо
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өттү

Өткөн жумада Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында чек араны тактоо жана аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын мамлекеттик чек араны демаркациялоодо  укуктук маселелер жана  топографиялык иштер  боюнча жумушчу топторунун  жолугушуусу болуп өттү.

Топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

Тараптар калган багыттарды сыпаттоо боюнча ишти Кыргыз Республикасында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну макулдашышты.

error: