Кыргызстанда 400 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат — ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 400 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Кара-Талаа тилкесинде кубаттуулугу 400 мегаватт болгон күн электр станциясын курууга капсула салды.

«Акыркы 2 жылда Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭС-1, Куланак ГЭСи, Бала-Саруу ГЭСтери жана жүздөгөн чакан ГЭСтер сыяктуу бир катар ири энергетикалык долбоорлордун курулушу башталды Камбар-Ата ГЭС-1 боюнча иштердин биринчи этабы аяктады, учурда Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди куруп, региондогу эң ири гидроэнергетикалык мамлекетке айланат , шамал жана биогаз технологиялары министрлер кабинетинин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат», — деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, бул станциянын курулушун кытайлык Fortis Kg, Molin Energy компаниясы жүргүзүүдө. Ошондой эле компания бул долбоорго 400 миллион доллар инвестициялоону пландоодо.

error: