Кыргызстанда 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу пландалууда — ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу пландалууда

Кыргызстандын Чүй облусунун Жайыл районунда кыска мөөнөттүү (3 сааттык) 3 бала бакча ачылды. Москва районунда төртүнчү бала бакча ачылды. Жаңы бала бакчалар 3 жаштан 5 жашка чейинки 250 балага ылайыкташкан.

Жалпысынан Кыргызстанда “Келечек үчүн билим” жана “Окутуу негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында 40 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кыла турган 500 кыска мөөнөттүү бала бакчаларды жана 60 өнүктүрүү борборлорун түзүү пландаштырылууда.

Жайыл районунда дагы 15, Москва районунда 16 кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу пландалууда.

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим” долбоору Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат.

error: