Өткөн аптада Өзбекстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгү менен Dentafill Plyus компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Өзбекстандык Dentafill Plyus компаниясы 2007-жылы негизделген. Dentafill Plyus фармацевтикалык продукцияларды чыгарат, тактап айтсак: дары-дармектер, медициналык колкаптар, инъекциялык эритмелер, инфузиялар жана тиш пасталар.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар компаниянын өндүрүшүн Кыргыз Республикасынын аймагында ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты.
«Биз Өзбекстандын өнөктөштөрү менен кызматташуунун жогорку потенциалына ишенебиз жана бул демилгени ишке ашырууну чыдамсыздык менен күтөбүз, ал Кыргызстанда фармацевтика өндүрүшүн өнүктүрүүгө гана эмес, жаңы жумуш орундарын түзүүгө да салым кошот», — деп Соода өкүлчүлүгү белгиледи.