Кыргызстанда жайкы туристтик сезонго кызуу даярдык көрүлүүдө — ИА Караван Инфо
Кыргызстанда жайкы туристтик сезонго кызуу даярдык көрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда келе жаткан жайкы туристтик сезонго байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулаган жыйын өткөрдү.

Жыйындын жыйынтыгында жайкы туристтик сезонду уюштуруу жана өткөрүү боюнча Иш-чаралар планы бекитилип, анда өлкөгө туристтерди тартууга багытталган бир катар иш-чаралар камтылган.

План ошондой эле төмөнкү иш-чараларды камтыйт: коомдук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо, ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү, коопсуздуктун негиздери боюнча жана суу объекттеринде адамдардын өмүрүн коргоо эрежелери боюнча мектеп окуучуларына иш-чараларды өткөрүү,  коопсуздукту камсыз кылуу жана жол эрежесин сактоо.

Ысык-Көлдүн жээк зонасын көзөмөлдөө боюнча чаралар өзүнчө белгиленет.

Жыйынтыгында Э.Байсалов мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына жайкы туристтик сезонду уюштуруу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин республиканын Ички иштер министрлигинин башчысы 2023-жылы Кыргызстанга 10 миллиондон ашык турист келгенин билдирген.

error: