Кыргызстандын делегациясы Германиянын CLAAS Gebrauchtmaschinen компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын делегациясы Германиянын CLAAS Gebrauchtmaschinen компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Апрель айында Кыргыз Республикасынын делегациясы Германиянын Ландсберг шаарындагы айыл чарба техникаларын сатууга адистешкен CLAAS Gebrauchtmaschinen компаниясына барды.

Тараптар Кыргызстанга жаңы техникага караганда 20-40 пайыз арзан колдонулган айыл чарба техникаларын жеткирүү маселесин талкуулашты. Ошол эле учурда үзгүлтүксүз тейлөөдөн өткөн колдонулган жабдуулардын сапаты компаниянын бардык стандарттарына жооп берет.

Кыргызстандын өкүлдөрү менен компаниянын ортосунда кошумча консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Сүрөт: CLAAS Gebrauchtmaschinen расмий сайты

error: