Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жыйындарына катышуу үчүн Вашингтонго келди.

А.Жапаров аталган түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн тышкары, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID), Америка-Кыргыз Соода палатасынын, Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын жана Европа инвестициялык банкынын жетекчилери менен жолугушууну пландаштырууда.

Талкууда гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү, атап айтканда, Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору, экономикалык перспективалар жана климаттын өзгөрүүсү маселелери, ошондой эле «Полярная звезда» мектебинде билим берүүнү трансформациялоо программасын илгерилетүү маселелери талкууланат.