Кыргызстандын Президенти Индиянын Премьер-министри Нарендра Модини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын Президенти Индиянын Премьер-министри Нарендра Модини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

6-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модини жалпы парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Республиканын Президентинин басма сөз кызматы расмий куттуктоо жарыялады:

«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Улуттук демократиялык альянсты жалпы парламенттик шайлоодогу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул жетишкендик сиздин лидерлик сапаттарыңыздын, индиялык элдин сизге болгон ишениминин жана Сиздин жетекчилигиңиз астында Индиянын дүйнөдөгү ролунун жогорулашынын далили. Биздин өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында активдүү диалогду жана тыгыз кызматташтыкты белгилеп кетүү кубанычтуу».

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министрине чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми Индия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Сүрөттө: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги

error: