Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Германиянын BVL Логистика Ассоциациясынын өкүлдөрү Мирко Новак жана Кристоф Крошке менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргызстан менен Германиянын санариптештирүү жана логистика тармагындагы кызматташуусунун келечегин талкуулашты.
Кыргыз тарап Санариптик өнүктүрүү министрлигин жана анын бөлүмдөрүн, «Кыргыз почтасы» жана «Кыргызтелеком» акционердик коомдорун, «Инфоком» мамлекеттик ишканасын жана «Тундук» мамлекеттик мекемесин өнүктүрүү пландары менен тааныштырды.
BVL өкүлдөрү өз кезегинде санариптештирүү жана логистика чөйрөсүндөгү долбоорлорду, анын ичинде автозаказдарды онлайн режиминде ишке киргизүү жана көзөмөлдөө системасын өнүктүрүүнү сунушташты.
Жолугушуунун катышуучулары санариптик трансформация боюнча максаттарга жетүү жана логистикалык процесстерди жакшыртуу боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Жолугушуу министрдин өткөн жылдын соңунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Гамбургга болгон иш сапарынын жыйынтыгында өттү.