Кытай 5G станцияларынын санын көбөйттү
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кытайда жаңы муундагы 5G байланыш тармактары үчүн базалык станциялардын саны 3,75 миллионго жеткенин Синьхуа агенттиги өлкөнүн Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлигине таянуу менен билдирди.
Ошентип, ар бир 10 миң адамга болжол менен 26 базалык станция туура келет.

Министрликтин башкы инженери Чжао Жигуо мобилдик форумда бүгүн Кытайда 5G стандарттары жаатындагы дүйнөдөгү патенттик өтүнмөлөрдүн 42%дан ашыгы бар. Анын айтымында, 5G технологиясы кен казуу, электр энергиясын өндүрүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу маанилүү тармактарда кеңири колдонулат.