Кытай армиясындагы жаңы структуралык өзгөрүүлөр
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чечими менен Кытай армиясында стратегиялык колдоочу күчтөр жоюлуп, алардын ордуна жаңы бөлүм – маалыматтык камсыздоо күчтөрү түзүлөт, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.
Стратегиялык колдоо күчтөрү тогуз жыл мурун, 2015-жылы кибер согушта жана саясий тирешүүдө аракеттерди координациялоо үчүн түзүлгөн. Эми аэрокосмостук жана киберкоопсуздук тармагында мурда бул структурага баш ийген бөлүмдөр автономдуу болуп, маалыматтык колдоо күчтөрү менен параллелдүү иштешет.
Си Цзиньпиндин айтымында, жаңы бөлүм «кибермаалыматтык системаны түзүүнү жана колдонууну координациялоодо негизги колдоону» көрсөтөт.