Кытай компаниясы Париждеги Олимпиада оюндарында Тажикстандын командасына демөөрчүлүк кылат
Кытай Эл Республикасынын Сямынь шаарында Тажикстандын Улуттук Олимпиада комитети менен Кытайдын “361” компаниясынын ортосунда демөөрчүлүк келишимине кол коюлду.
Тажикстандын Улуттук маалымат агенттиги билдиргендей, кол коюуга Тажикстандын Улуттук Олимпиада комитетинин Вице-президенти жана «361» компаниясынын биринчи жетекчиси катышты.

Документке ылайык, «361» компаниясы 2024-жылы Парижде өтө турган 33-жайкы Олимпиада оюндарында Тажикстан Республикасынын олимпиадалык делегациясын расмий жана спорттук кийимдер менен камсыздайт.

Буга чейин “361” компаниясы 2022-жылы Ханчжоу шаарында өтүүчү Азия оюндарында Тажикстандын курама командасын спорттук кийимдер менен камсыз кылган.