Кызыл-Кыя шаарында санариптештирүү боюнча аймактык жаштар форуму өттү — ИА Караван Инфо
Кызыл-Кыя шаарында санариптештирүү боюнча аймактык жаштар форуму өттү

Өткөн жуманын башында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен Кызыл-Кыя шаарында санариптештирүү боюнча аймактык жаштар форуму башталды.

Форумдун катышуучулары өлкөнүн аймактарынын тургундарынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти жана жарандарды санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырышты.

Форумга өлкөнүн алдыңкы санариптик уюмдарынын, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Тундук» мамлекеттик ишканасынын жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, IDC «Digital CASA — КР» долбоорунун, «MegaCom», «Beeline» жана “О!” уюлдук операторлорунун өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучуларынын арасында жогорку окуу жайлардын студенттери жана Баткен облусундагы жаштар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү да бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө санариптик технологиялардын көргөзмөсү тартууланды.

Санариптештирүү боюнча аймактык жаштар форуму өткөн жуманын аягында Ош жана Жалал-Абад шаарларында өттү, мындан ары мындай форумдар бир жылдын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.

error: