Малайзиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги AstraZeneca биофармацевтикалык компаниясынан анын COVID-19 вакцинасынын сейрек кездешүүчү терс таасирлери тууралуу толук түшүндүрмө берүүнү суранууну пландаштырууда. AstraZeneca мурда вакцинанын натыйжасында тромбоцитопения синдрому менен тромбоздун пайда болушу мүмкүн экенин моюнга алган, бул медициналык коомчулукта тынчсызданууну жараткан, деп маалымдайт Малайзиянын Бернама маалымат агенттиги.

Малайзиянын Саламаттыкты сактоо министри Зулкефли Ахмад эмдөөдөн өткөн жарандар арасында дүрбөлөңдүн жайылышын болтурбоо үчүн компания жоопкерчиликтүү болуп, Малайзияга гана эмес, бүткүл дүйнөгө кеңири жана ачык-айкын түшүндүрмөлөрдү бериши керектигин белгиледи. Ал AstraZenecaнын өкүлдөрүн коомчулук менен да, маалымат каражаттары менен дагы ачык болууга чакырды.
Министр, анын департаменти кырдаалга тыкыр көз салып турганын жана компаниядан кошумча түшүндүрмөлөрдү күтөөрүн баса белгиледи.
Мурда AstraZenecaга каршы эмдөөдөн кийин мүмкүн болгон терс таасирлерге жана атүгүл өлүмгө байланыштуу колективдуу доо арыз берилген. Италиялык Франческа Тусканонун үй-бүлөсү анын компаниянын вакцинасынын натыйжасында мээ тромбозунан каза болгондон кийин иликтөөнү баштаган.
Белгилей кетсек, мындай окуялар бардык жерде медициналык коомчулуктун жана коомчулуктун көңүлүн бурат, ошондуктан вакцина өндүрүүчүлөр үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана алардын продукциясынын коопсуздугу жөнүндө ачык-айкын маалымат берүү маанилүү.
