Молдовадагы “Шор” партиясынын мүчөлөрү шайлоону жокко чыгарууну талап кылышты
«Шор» түзүмүнүн айтымында, Конституциялык соттун чечиминен кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу логикага туура келет, анткени ноябрь айында шайлоочулардын олуттуу бөлүгү добуш берүүгө катышкан эмес.
«Биз, мурда убада кылынгандай, 2023-жылдагы жалпы жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча мыйзамдуу процедураларды баштадык Шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу логикага туура келет», — деди Шор партиясынын фракциясынан депутат Марина Таубер.
Буга чейин Венеция комиссиясы жана ОБСЕнин байкоочулары Конституциялык соттун шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан корутундусуна макул экенин билдиришкен. Ошондуктан «Шор» командасынын өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы шайлоо өткөрүү зарылчылыгы келип чыккан.