Өткөн жуманын аягында Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин VIII жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Тажикстан Республикасынын Билим берүү жана илим министри Рахим Саидзода баштаган делегациясы катышты.
Делегациялардын башчылары ШКУ мейкиндигинде илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты жана кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө багытталган документтердин долбоорлорун макулдашышты.

Иш-чаранын алкагында Тажикстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Рахим Саидзода Россия Федерациясынын билим агартуу министри Сергей Кравцов менен, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолугушуулары өттү.
«Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыктын алкагында билим берүү тармагында көптөгөн маанилүү долбоорлор ишке ашырылып, пландалууда. Алар ошондой эле тажик мектептерин окуу китептери менен камсыз кылуу жана өлкөдө таланттуу балдар үчүн эл аралык билим берүү борборун түзүү маселесине да тиешелүү», — деди Сергей Кравцов.
Тараптар өз-өзүнчө эки өлкөнүн Жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү да талкуулашты.
Сүрөт: Шанхай кызматташтык уюмунун расмий сайты