Президент Аламүдүн районунун акимин алмаштырды — ИА Караван Инфо
Президент Аламүдүн районунун акимин алмаштырды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70 — беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, берген арызына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Тешебаев Мурадин Жолдошович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин башка тескемесине ылайык, аталган кызматка Азамат Эргешов дайындалды

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Эргешов Азамат Казыбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта. 

error: