Россия Федерациясы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын ар тараптуу өнүгүшүнүн шартында Россиядан Кытайга айыл чарба продукциясын жеткирүүнүн көлөмү өсүүдө жана бул өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн 90 пайыздан ашыгы улуттук валютада журуп жатканын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров билдирди.

«Орус-кытай соода-экономикалык кызматташуу долбоорлору жигердүү өнүгүп жатат жана бул жамааттык батыш мамлекеттеринин тынымсыз «бут коюу» аракеттерине карабастан, эки тараптуу экономикалык мамилелердин дээрлик толук де-долларизациясы болду. Бүгүнкү күндө өз ара төлөмдөрдүн 90 пайыздан ашыгы улуттук валютага которулду… Алар биздин айыл чарба продукцияларын Кытайдын рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүдө», — деп билдирди Тышкы иштер министри Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдында өткөн субъект башчыларынын кеңешинин жыйынында.
Ал ошондой эле Кытай менен Орусиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгы системалуу жана ырааттуу өнүгүп жатканын, өнөр жай жана инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгиледи.