СУАРдын элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстан Республикасына официалдуу иш сапары менен келди

30-мартта Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстанга иш сапары менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Туниязды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен тармагындагы кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө. Ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин жолугушуусу жана маданий программаны уюштуруу пландалууда.

© Фото / Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы / Эргеш Жусубалиев