Таиланд Орусия менен 60 күндүк визасыз режим киргизди — ИА Караван Инфо
Таиланд Орусия менен 60 күндүк визасыз режим киргизди

23-апрелде Таиланддын министрлер кабинети Россия Федерациясынын жарандарына үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта өлкөдө 60 күндүк визасыз жүрүү укугун берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Таиланддын премьер-министри Сетта Тхависин Тайланддын The Reporters телеканалынын түз эфиринде билдирди.

Учурда Таиландда орусиялык жарандар үчүн 90 күндүк визасыз режим бар, аны өкмөт туризмди өнүктүрүү үчүн убактылуу чара катары киргизген. Бирок бул режим 2024-жылдын 30-апрелинде бүтөт. Анын ордуна 2024-жылдын 1-майынан тарта 60 күндүк жаңы визасыз режим киргизилет. Брифингде премьер-министр Тхависин жаңы визасыз режим канча убакытка созулаарын тактаган жок.

error: