Тайвандын жээгинде жер титирөө
Дүйшөмбү күнү Тайвандын чыгыш жээгинде күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу аралдын борбордук аба ырайы бюросу (CWB) билдирди.
CWB билдиргендей, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 17:08де (Москва убактысы боюнча 12:08де) катталган. Анын очогу Хуалянь округунан 26,8 чакырым түштүк-батышта, очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.
Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.