Ташкентте Өзбекстан менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде консультациялар өттү
Өткөн жуманын башында Ташкентте өзбек-түркмөн тышкы иштер министрликтер аралык саясий консультацияларынын кезектеги раунду болуп өттү.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Саясий консультациялардын жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнүн түрдүү багыттарынын милдеттери, ошондой эле аймактык күн тартибиндеги маселелер каралды.
Сүрөт: КМШ Аткаруу комитетинин расмий сайты