Ташкентте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-кувейт мамилелерин өнүктүрүүнү талкуулашты — ИА Караван Инфо
Ташкентте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-кувейт мамилелерин өнүктүрүүнү талкуулашты

Өткөн жуманын аягында Ташкентте “Борбор Азия – Перс булуңунун кызматташтык кеңеши” стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кувейт мамлекетинин тышкы иштер министри господин Абдулла Али Аль-Яхья эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү тармактардагы мамилелердин келечеги жана өркүндөтүү маселелери талкууланып, саясий диалогду бекемдөө үчүн жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Ж. Кулубаев кувейт тарапты үстүбүздөгү жылдын июль айында боло турчу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн инвестициялык форумуна жана Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ишине активдүү катышууга чакырды.

error: