Ташкентте Омандын элчиси менен жолугушуу болуп өттү — ИА Караван Инфо
Ташкентте Омандын элчиси менен жолугушуу болуп өттү

Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Бахромжон Алоев Оман Султанатынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Вафа Жабр Насер аль-Бусаиди менен жолугушту.

Тараптар Өзбекстан-Оман мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын, ошондой эле Ташкентте “Борбор Азия – Перс булуңунундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи отурумунун ийгиликтүү өткөнүн белгилешти.

Тараптар эки тараптуу негизде да, эл аралык институттардын алкагында да саясий жана дипломатиялык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле соода-экономикалык тармакта кызматташуу талкууланды.

Сүрөт: Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты

error: