Тажикстанда Өзбекстандын кино күндөрү өтөт
15-20-апрель күндөрү Тажикстанда Өзбекстандын кино күндөрү өтөт. 15-апрелде Өзбекстан Республикасынын делегациясы бул иш-чараны өткөрүү үчүн Тажикстанга келди.

«Абдулло Арипов», «Сот», «Айлануу», «Жашасын жар!» фильмдери Душанбедеги кинотеатрларда жана Гиссар, Вахдат, Варзоб шаарларынын маданият сарайларында көрсөтүлөт.
16-апрелде Тохир Собиров атындагы кинотеатрда Өзбекстандын кино күндөрүнө байланыштуу массалык маалымат каражаттарынын кеңири өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйыны өттү.