Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Гүлбахор Назири регулятор республиканын финансы институттары менен пайыздык ченди төмөндөтүү боюнча жүргүзүп жаткан иштерин жарыялады. Ал белгилегендей, жергиликтүү ишкерлердин негизги көйгөйлөрүнүн бири – бул банктык насыялардын үстөк пайызы жогору болгондугу.

Г.Назири белгилегендей, жумушчу топ өлкөнүн кредиттик-финансылык мекемелеринин жетекчилери менен насыялардын пайыздык чендерин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Белгилей кетсек, акыркы 5 жылда орточо пайыздык чен улуттук валютада 28ден 23 пайызга чейин, чет элдик валютада 22ден 11пайызга чейин төмөндөгөн.
Мындан тышкары, Г.Назири Тажикстанда салыктарды накталай эмес төлөө ыкмалары көбөйүп жатканын билдирди. Бирок ал каржы институттары каржылык ортомчу катары иштээрин, кредиттер боюнча пайыздык чендер бардык чыгымдарды эске алуу менен банктар тарабынан белгиленерин баса белгиледи.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары каржы институттарын пайыздык чендерди төмөндөтүүгө мажбурлоо мүмкүн эместигин, бул алардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи. Республиканын бизнесин жана экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн компромисстик чечимдерди издөөнүн алкагында пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча иштер улантылууда.
