Владимир Путин Орусиянын Румыниядагы жаңы элчисин дайындады
16-апрелде Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Владимир Липаевди Румыниядагы элчи кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Документ расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.

Владимир Липаев — орусиялык дипломат, Россия Федерациясынын Эстониядагы мурдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.
В.Путин ошондой эле Румыниядагы элчиси Валерий Кузьминди кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койду.