Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо иштери башталды — ИА Караван Инфо
Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо иштери башталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Корумду-Балбай баатыр Ысык-Көл айланма жолунун участогунун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

«Бүгүн биз бул жолдун курулушун баштап жатабыз. Президенттин алгачкы тапшырмаларынын бири Ысык-Көлдү айланып өтүүчү эл аралык стандарттарга жооп берген жолду куруу болду. Бул жолдун жалпы баасы 111 миллион 700 миң долларды түзөт (анын ичинде 12,8 млн доллар бюджеттен бөлүнгөн). Бул каражат биздин өнөктөштөр: Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейттин Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонддору тарабынан Кыргызстанга берилген. Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан аларга ыраазычылык билдирем», — деди А. Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы бул долбоор Кыргызстандагы стратегиялык долбоорлордун бири экенин белгилеп, курулушту өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Жаңы жолдун узундугу 79,3 чакырымды түзөрү пландалууда. Маршрут төрт тилкеден, тротуарлардан, жалпы узундугу 79 697 м болгон веложолдон турат, мындан тышкары аялдамаларды куруу, 14 көпүрөнү жана 877 суу өткөргүчтөрдү куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле 3 жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө жана 2 жер астындагы өтмөктөр куруу пландалууда.

error: